Кыргызстандын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын ноябрь айына пландалган республикалык бюджеттин кирешеси 16 млрд 366 млн 207 миң сомду түзөт.
Казынага башкы киреше салыктан - 9 млрд 623 млн 730.3 миң сом түшөт. Каражаттын башкы бөлүгү салыктан чогултулат - 6 млрд 323 млн 720.3 миң сом, бажы кызматынан - 3.3 млрд сом. 514.6 млн сом - Кумтөрдүн салык төлөмдөрүнөн чогултулат.
5.7 млрд сомдон ашык каражатты Кыргызстан - Индиядан грант түрүндө алат (139.7 млн сом), Россиядан (2 млрд 92 млн 257 миң сом) жана Азия өнүктүрүү банкынан (3 млрд 490 млн сом).
Салыктык эмес кирешеден казынага 1 млрд 20 млн 519.7 миң сом түшөт, анын ичинен 298.4 млн - Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунан бюджеттик ссуда жана насыяга болгон пайыздык чени, 286 млн 470 миң сом - дивиденддер.
Каражаттын бир бөлүгүн Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунун ички дебитордук карызын төлөөгө - 84.1 млн сом, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатууга 631.6 млн сом жана саламаттыкты сактоону кошумча каржылоого - 11.4 млн сом жумшалат.
Казынанын ноябрь айындагы жалпы ресурстарынын суммасы - 17 млрд 93.4 млн сомду (мурунку айдагы калган сумманы кошкондо), пландалган чыгашалар - 12 млрд 41.8 млн сомду түзөт. Муну менен катар, ноябрь айындагы бюджеттин тартыштыгы 5 млрд 51.6 млн сомду түзөт.