Ноябрь айында Кыргызстанга 5 миңдей унаа алынып келинген

19.01.2023, 10:21 Акчабар
Ноябрь айында Кыргызстанга 5 миңдей унаа алынып келинген

Былтыркы жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга 33 893 унаа алынып келинген. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 эсе көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Анын ичинен ноябрь айында өлкөгө 4783 унаа алынып келинген. 

Каралып жаткан мезгилде эң көп автоунаалар Кореядан (7 миң 342), Грузиядан (6 миң 560) жана Орусиядан (6 миң 383) импорттолгон. Андан тышкары, Грузия импортту 4 эсеге, Кореяга 3,9 эсеге, Россия Федерациясына 1,3 эсеге көбөйткөн.

Мындан тышкары, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кытайдан 18,5 эсе, Япониядан 11,8 эсе жана АКШдан 4,6 эсе автоунааларды жеткирүүнүн өсүшү байкалган.

 

Тэги: новости Кыргызстана импорт легковые автомобили

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу