Жеңилдетилген ипотека алуу үчүн кезекте 6,5 миңден ашуун киши турат

17.06.2021, 14:00 Акчабар
Жеңилдетилген ипотека алуу үчүн кезекте 6,5 миңден ашуун киши турат

Кыргызстандын мамлекеттик ипотекалык компаниясынын онлайн порталына 10 миңден ашуун арыз берүүчү катталды. Алардын ичинен 6,5 миң адамга жеңилдетилген ипотека насыяларын берүү жактырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Аида Төлөгөнова билдирди.

Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, Мамлекеттикипотекалык компаниянын кезеги жылбай жатат. Бул боюнча 3,5 жыл мурун эле ипотека кезегине турган жарандар парламентарийлерге кайрылышууда.

Мекеме жаңы ипотекалык насыялар өкмөттүн жаңы жеңилдетилген программасын бекиткенден кийин башталаарын белгиледи.

Тэги: ипотека ГИК КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу