Октябрь айында ЕАЭБде жумушсуздук 19,6%га кыскарды

13.12.2022, 14:15 Акчабар
Октябрь айында ЕАЭБде жумушсуздук 19,6%га кыскарды

ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны ушул жылдын октябрынын соңунда 939 миң адамды түздү. Бул сан өткөн 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6%га азайган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтына жарыяланды. 

Маалыматта жумушсуздардын саны жумушчу күчүнүн 1%ын түзөрү көрсөтүлөт. Былтыр бул көрсөткүч 1,4%ды түзгөн. 

Быйыл 2022-жылдын октябрынын акырына карата ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны:

  • Орусияда - 568,4 миң адам (жумушчу күчүнө 0,8);
  • Казакстанда - 238,2 миң адам (жумушчу күчүнө 2,6);
  • Кыргызстанда — 76 миң адам (жумушчу күчүнө 2,8);
  • Арменияда — 50,5 миң адам (жумушчу күчүнө 3,8);
  • Белоруссияда - 5,9 миң адамды (жумушчу күчүнө 0,1) түзгөн.

Тэги: новости Кыргызстана работа безработица экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу