2019-жылдын октябрь айында Кыргызстан үчүнчү өлкөгө 150 млн $ экспорт жөнөткөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирет.
ЕЭКтин маалыматына ылайык, КР ЕАЭСке мүчө болбогон мамлекеттери менен болгон, тышкы соодасынын көлөмү 389.2 млн $ түзгөн. Анын ичинен импорттун көлөмү - 239.2 млн $.
Арменинян үчүнчү өлкөлөр менен болгон товарайлануусу КР көрсөткүчүнөн эки эсе көп болгон, т.а. 550.5 млн $ түзгөн. Муну менен катар республикада товарлардын импорту экспорттун көлөмүнөн 220.1 млн $ көп болгон.