Мамлекеттик карыз үчүн октябрь айында 1 миллиард 904 миллион 760,3 миң сом жумшоо көздөлүүдө деп билдирди Финансы министрлиги.
Бул сумма сентябрда белгиленгенден алда канча аз. Анда республикалык бюджеттен мамлекеттик карызды төлөө үчүн 2 миллиард 670 миллион 77,9 миң сом каралган.
Мамлекеттик карызды тейлөөнүн жалпы наркы Финансы министрлигинин кассалык пландары боюнча 28 миллиард 708 миллион 313,1 миң сомду түзөт.