Кыргызстанда 2023-жылдын декабрына карата керектөө баалары жана тарифтер 7,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, керектөө баалары жана тарифтер бардык аймакта көтөрүлгөн. Өзгөчө, Нарын облусунда 12,7%га жогорулаган. Бул аталган аймакта алкоголь жана тамеки өнүмдөрүнүн 19,4% кымбатташына байланыштуу.
“Өлкөдө азык-түлүк эмес товарлар 12,2%, алкоголь жана тамеки өнүмдөрү 11,3, тамак-аш жана алкоголсуз суусундуктар 3,4%, кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы 9,1%га өскөн”, - деп айтылат маалыматта.