Ош шаарынын бюджети 65.5 млн сомго ашыгы менен толукталды

25.10.2019, 09:45 Акчабар
Ош шаарынын бюджети 65.5 млн сомго ашыгы менен толукталды

Ош шаарынын 2019 – жылдын I жарым жылдыгындагы бюджеттеги кирешеси 626 млн 397.2 миң сомду түзүп, 65.5 млн сомго ашыгы менен толукталган. Бул тууралуу каржы Министрлиги маалымдайт. 

Кирешенин булактары: 

• жөнгө салуу кирешелери – 384 млн 645.1 миң сом (60.6%);

• бекитилген киреше – 201 млн 507.9 миң сом (32.7%); 

• максаттуу которуулар – 40 млн 244.2 миң сом (6.7%). 

Бекитилген план боюнча шаардык бюджеттин чыгашасы кирешеден 7.9 млн сомго көп болуусу шарт болчу. Мамлекеттик кызматтарга болгон чыгашаны азайтуу менен бюджетте тартыштык болгон жок – деп жазылат маалыматта. Мамлекеттик кызматтарга – 9.5 млн сом (бардык чыгашалардан 21.9%), коргонууга – 1.2 млн. сом, экономикалык тармакка – 1.2 млн сом, тарк жай-коммуналдык кызматтарга – 21 млн сом (бардык чыгашалардан 30.7%). Мунун менен катар Ош шаарынын бюджет чыгашасы 2019 – жылдын алты айында 587 млн 731.9 миң сомду түзгөн. Өткөн жылдагы 61 млн сом  бюджеттеги калган каражат менен, жалпы сумма – 99.7 млн. сом менен шаардын жарым жылдык бюджети жабылды. 

Тэги: госдоходы бюджет Ош экономика расходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу