Түштүк аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн ишкердикти окутуу башталды

03.06.2021, 12:00 Акчабар
Түштүк аймактардагы мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн ишкердикти окутуу башталды

Ош шаарында 30 компания акысыз окутуудан өтүшөт, алардын программасы мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүдө мамлекеттик стандарттарды, ошондой эле улуттук жана эл аралык окуу программаларын үйрөнүүнү камтыйт. Бул тууралуу AKDN демилгелүү уюму билдирди.

Accelerate Prosperity түштүк борборунда балдарды эрте өнүктүрүү секторунан Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ишкерлери үчүн 50 миң долларга чейинки инвестиция менен бизнес-акселераторун (стартаптарды колдоо боюнча социалдык институт) ачты.

Ага катышуу үчүн 120дан ашык арыздын ичинен 30 компания тандалып алынды. Бардык катышуучулар бизнес процесстерди башкаруу, маркетинг жана каржылык моделдөө боюнча терең билим алышат, ошондой эле кесипкөй бизнес-консультанттар жана эл аралык эксперттер менен жеке сабактарды өтүшөт.

Жети жумалык программа катышуучулар инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго өз бизнес пландарын тааныштыруу менен аяктайт. Инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү деп тандалган алдыңкы үч компания Accelerate Prosperity тарабынан 50 000 долларга чейин инвестиция жана техникалык колдоо ала алышат.

Тэги: Accelerate Prosperity Ош бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу