Мамкурулуштун Ош шаары боюнча Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгы 10 объектинин уруксатсыз курулганын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Аныкталган 10 уруксатсыз курулуштун баары турак жай объекттери. Курулуш компаниялары курулуш-монтаждоо иштерин шаар куруу жана архитектуралык документация үчүн тийиштүү уруксааты жок жүргүзүшүүдө.
Маалым болгондой, мыйзамсыз объектилердин тизмеси төмөнкүдөй:
- ЖЧК "Бизнес Хаус кж" - Шакирова, 149 көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн курулушу үчүн жер иштери башталды;
- Жеке ишкер Бекмурзаев Айбек - Алиев, 99 көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн курулушу үчүн жер иштери башталды;
- ЖЧК "Эрбол Строй Сервис" - Артыкова, 89 дарегинде көп кабаттуу турак үйдүн курулушу үчүн жер иштери башталды;
- ЖЧК "Эмаком" - Ашимахунова көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн биринчи блогун курууда;
- ЖЧК "Арматура Курулуш" - Салиев, 14-а дарегинде көп кабаттуу турак үйдүн курулушун жүргүзүүдө;
- ЖЧК "Строй Инвест Ком" - Жийделикте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу;
- ЖЧК "Сулайман групп" - Гастелло, 1,2.3 - Кермен-Тоо дарегинде үч блоктон турган көп кабаттуу турак үйдүн курулушу;
- ЖЧК "Сапат Глобал" - Бадыгина көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн курулушу үчүн жер иштери башталды;
- ЖЧК "Бизнес Хаус кж" - Туран-ДОССАФ дарегинде көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна жер иштери башталды;
- ЖЧК "Эмаком" - Ашимахунова көчөсүндө көп кабаттуу турак үйдүн экинчи блогунун курулушун жүргүзүүдө.
Тэги: Госстрой