Ошто Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

20.04.2023, 13:58 Акчабар
Ошто Ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге сапаттуу, өз убагында жана жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү.

Күтүлгөндөй, Ош шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборунун иши аймактагы бизнес-климатты жакшыртууга жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

"Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлери мамлекеттик жана башка кызматтардын топтомун эми бир жерден ала алышат. Бул ишкердик ишти бир кыйла жеңилдетип, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт", – деп белгиледи Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов борбордун расмий ачылышында.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматынан тышкары бир катар мамлекеттик органдар жана уюмдар, анын ичинде банктар, Юстиция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Баалуу металлдар департаменти, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору ж. б. өз кызматтарын көрсөтүшөт.

Эске салсак, ушундай эле борбор Бишкек шаарында 2021-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келет.

Тэги: экономика ГТС новости Кыргызстана бизнес в КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу