Оштогу имараттардын мыйзамдуулугу текшерилет

22.02.2023, 16:05 Акчабар
Оштогу имараттардын мыйзамдуулугу текшерилет

Кечээ, 21-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен болгон жыйында мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти.  

Маалыматка ылайык, бир күн мурун коомчулук Шакиров көчөсүнө мыйзамсыз объект куруу маселесин көтөргөн.

"Тез арада бул объектти жана шаардагы бардык мыйзамсыз объектилерди текшерүү зарыл. Тартип бузгандарга таасир этүү үчүн бардык зарыл болгон чараларды колдонуу керек. Курулуш компаниялары эмнеге уялышпайт?”, - деди ал. 

Ошондой эле, Жетигенов мыйзамсыз курулуп жаткан жеке менчик же муниципалдык объектилердин бардыгын эрежеге туура келеби же жокпу аныктоо тапшырмасын берди. 

“Мыйзамсыз курулуштарды жүргүзүп жаткан ишканаларды тактап, тиешелүү тизмесин даярдоо керек. Шаардагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууга убакыт келди”, - деди мэр. 

Жыйындын соңунда тиешелүү кызматтарга эрежелердин сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу тапшырмасы берилди.

Тэги: экономика строительство новости Кыргызстана Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу