Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Кара-Кулжа районуна бала бакча курууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердин баасы 67 миллион 990 миң 783 сомду түзөт.
Бул акчага Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Биймырза айылына 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда.