«Алтынкен» ишканасына жаңы башкы жетекчи дайындалды

14.11.2022, 14:47 Акчабар
«Алтынкен» ишканасына жаңы башкы жетекчи дайындалды

“Алтынкен” ишканасына жаңы башкы директор катары Вен Яфен дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун басма сөз кызматы билдирди.

Вэн Яфэн 2012-жылдан 2018-жылга чейин Талды-Булак-Левобережный кенинде башкы директордун туруктуу орун басары болуп иштеген. Ал жерде алтынды бөлүп алуу фабрикасынын жана өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөгөн.

Ошондой эле, ал 2018-жылдан 2022-жылга чейин Тажикстан менен Сербиянын ZIJIN тоо-кен ишканаларында жетекчилик кызматтарды аркалаган. 

Бүгүн Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин кеңсесинде алтын өндүрүүчү кыргыз-кытай ишканасынын жаңы жетекчиси менен жолугушуу өттү.

“Бардык иштер өндүрүштүк пландар боюнча аткарылып, быйылкы жылы компания 4,1 тонна алтын өндүрүүнү көздөп жатат”, - дейт Вэнг мырза.

Ошону менен бирге, ал жетекчиликтин профсоюз уюму менен биргелешип, макулдашылган ишинин натыйжасында гана оң натыйжаларга жетишүүгө болорун кошумчалады.

Подряддык уюмдардын бригадаларын эсепке алганда азыр кен талаасында 1,8 миңге жакын адам эмгектенүүдө. 

 

Тэги: экономика Алтынкен новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу