Кыргызстандын айрым аймактарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы төмөндөдү

11.01.2022, 14:09 Акчабар
Кыргызстандын айрым аймактарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы төмөндөдү

Кыргызстанда 10-январга карата жалпы республика боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2021-жылдын декабрында белгиленген орточо баага салыштырмалуу төмөндөдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алсак, декабрь айында күйүүчү майдын бул түрүнө орточо баа литрине 59,21 сом деңгээлинде болсо, 10-январда 59,11 сомду түзгөн. Башкача айтканда, 0,1 сомго арзандаган. Бул негизинен Кара-Суу, Ош жана Ноокат шаарларында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасынын тиешелүүлүгүнө жараша 1,57 сомго, 1,47 сомго жана 1,34 сомго арзандашы менен шартталган.

Ошондой эле, бул күйүүчү майдын өздүк наркынын өсүшү Каракол, Балыкчы, Талас, Нарын, Кара-Балта, Токмок, Бишкек шаарларында жана Чаек айылында байкалса, республиканын башка бир катар калктуу конуштарында төмөндөшү байкалууда.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатовдун айтымында, республикада чындап эле күйүүчү майга болгон баанын бир аз турукташуусу байкалууда.

“Бүгүнкү күндө баалар болжол менен бирдей. Бирок биз күйүүчү майдын баасы боюнча келечекке прогноз жасоого даяр эмеспиз. Баардыгы россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордун сатуу баасына жараша болот”, - деди эксперт.

Кошумчалай кетсек, жыл ичинде, тагыраагы 2021-жылдын 11-январынан тарта АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 35,51 сомго бааланып, баа 66,46%га кымбаттаган.

Тэги: ГСМ АИ-92 цена Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу