Жер-жерлердеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жооптуу адамдарга карата тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда "Ак-Тилек" жана "Чалдовар" транспорттук көзөмөл пункттарынын 22 кызматкери, "Чоң-Капка" жана "Кызыл-Адыр" транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери үчүн ротация жүргүзүлдү.
Ошондой эле, мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлерине карата чаралар көрүлдү. Мындан тышкары, товарларды ташып келүүнү көзөмөлдөө жана эсепке алуу боюнча жооптуу салык кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө акыркы баскычта турат.