Жогорку Кеңештин 30-июндагы отурумунда депутаттар "Мамлекеттик ипотекалык насыялоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карашты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар Аалы Карашов жана Айнура Осмонова. Мыйзам долбоору боюнча биринчи башталгыч төлөмдү алып салуу талабы коюлган. Мындай жол менен баштапкы төлөмгө каражаты жок жарандар мамлекеттик турак-жай программасы аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүгү болот.
Аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.