Биринчи кварталда «Дастан» заводунун таза кирешеси 4,7 эсеге өстү

25.05.2022, 11:25 Акчабар
Биринчи кварталда «Дастан» заводунун таза кирешеси 4,7 эсеге өстү

Быйылкы жылдын биринчи кварталында “ТНК Дастан” ААКнын таза кирешеси мурунку жылга салыштырмалуу 4,7 эсеге өстү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланган компаниянын отчетунда камтылган.

Алсак, заводдун январь-март айларында таза кирешеси 433 миллион 987 миң сомду түзсө, өткөн мезгилде 93 миллион 287 миң сомду түздү.

Көрсөткүчтөр дүң кирешени көбөйтүү жана операциялык чыгашаларды 1,8 миллиард сомдон 39,9 миллион сомго чейин кыскартуунун эсебинен жетишилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан “ТНК Дастандын” 98%дан ашуун акциясына ээлик кылуучу негизги акционер болуп саналат. Өкмөт заводду бир нече жолу менчиктештирүү тизмесине киргизген. Акыркы чечими менен Министрлер кабинети компаниянын акцияларын башкаруу функцияларын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берди. Эми заводдун базасында дата борборун ачуу пландалууда.

Тэги: ТНК «Дастан» чистая прибыль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу