2022-жылдын биринчи соода күнүндө Кыргыз фондулук биржасында беш компаниянын баалуу кагаздары сатылды

11.01.2022, 09:01 Акчабар
2022-жылдын биринчи соода күнүндө Кыргыз фондулук биржасында беш компаниянын баалуу кагаздары сатылды

Жаңы жылдык майрамдардан кийин Кыргыз фондулук биржасында соода жакшы активдүүлүк менен ачылды. Мындай тыянакты дүйшөмбү күнкү сооданын жыйынтыгы боюнча маалыматтардын негизинде чыгарса болот.

Алсак, ушул жылдын 10-январында биринчи соода күнүндө бир эле учурда беш компаниянын баалуу кагаздары соодаланды.

Сооданын эң чоң көлөмү “Айгүл” ААКнын жөнөкөй акцияларына туура келген. Жалпысынан компаниянын 320 акциясы менен эки келишим ишке ашырылган. Операциялардын жалпы суммасы 192 миң сомду, бир нускада 600 сомду түздү. Келишим биржанын экинчилик рыногунда түзүлдү.

Мындан тышкары, “Ками Моторс” ААКсынын артыкчылыктуу акциялары менен 10 миң сомдон бир аз ашык келишим түзүлгөн.

“Биринчи рынокто “KICB” ЖАК жана “Первая Металлобаза” ЖЧКсынын корпоративдик облигациялары соодаланган. Транзакциялардын жалпы суммасы 94 миң сомду түздү”, — деп маалымдалат Кыргыз фондулук биржанын сайтында.

Тэги: фондовый рынок КФБ ценные бумаги инвестиции деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу