Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикалары ачылат

27.07.2022, 12:14 Акчабар
Кара-Балтада тигүү жана текстиль фабрикалары ачылат

Кара-Балта шаарындагы электр техникалык оюнчук заводунун жана килем комбинатынын өндүрүш ишканаларынын базасында инвесторлор тигүү жана текстиль фабрикасын ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, тигүү жана текстиль фабрикаларын куруу долбоору “Декна Бишкек Текстиль” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жатат, инвестициянын көлөмү болжол менен 25 млн АКШ долларын түзөт.

“Жаңы өндүрүш таштандылардын төмөнкү көрсөткүчү менен кластердик принцип боюнча аларды жиптерге жана кездемелер үчүн материалдарга кайра иштетүү иретинде иш алып барат”, - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, базасында завод-фабрикаларды ачуу пландалып жаткан токтоп турган ишканага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барды. Ал белгилегендей, өкмөткө токтоп турган өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү жана зарыл болгон учурда кайра профилдөө боюнча тапшырмалар берилген.

“Кезинде Кара-Балта шаары өлкөнүн өнөр жай борборлорунун бири болгон. Азыр айрым ишканалар бардык экономикалык кыйынчылыктарга карабастан иштеп, калкты иш менен камсыз кылууга, шаардын жана бүтүндөй өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп жатат. Бирок көп жылдар бою токтоп турган ишканалар бар. Инвестордун аракети менен электр техникалык оюнчуктар фабрикасынын базасында 800 жергиликтүү тургунду иш менен камсыздоочу заманбап тигүү өндүрүшүн түзүү пландалууда. Бул багытта инвесторлорго тийиштүү көмөк көрсөтүү менен мындан ары да алга жылуу керек”, - деп белгиледи ал. 

Тэги: ковровый комбинат завод игрушек промышленные зоны швейная фабрика текстильная фабюрика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу