Менчиктештирүү программасынын алкагында 25 компанияны сатуу мерчемделүүдө

17.08.2021, 11:36 Акчабар
Менчиктештирүү программасынын алкагында 25 компанияны сатуу мерчемделүүдө

Бүгүнкү күндө жалпысынан 25 мамлекеттик компания жана алардын акциялары сатыкка даярданып жатат. Бул тууралуу мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бүтүндөй ЖЧКларды сатуу боюнча сунуштар да, бир катар ишканалардын мамлекеттик үлүшү да бар.

"Мамлекеттик программага ылайык менчиктештирүүгө даярданып жаткан ишканалардын тизмесине "Евразия сактык банкы", "Кепилдик фондунун" жана "Бакай Банктын" акциялары жана башкалар кирет. Жалпысынан министрлер кабинети 25 мамлекеттик активди сатууну жактырды", - деди ал.

Бакиров мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процесси татаал экенин жана көп убакытты талап кыларын баса белгиледи.

 

Тэги: госсобственность приватизация ФУГИ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу