Пилоттук программанын алкагында салык кызматы электрондук кол тамгаларды бекер таратат

22.12.2021, 12:34 Акчабар
Пилоттук программанын алкагында салык кызматы электрондук кол тамгаларды бекер таратат

Мамлекеттик салык кызматы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен кызматташтыкта салык төлөөчүлөр үчүн булут электрондук кол тамганы берүү боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө. 

Электрондук кол тамга акысыз берилет. 

Салык кызматы “Инфоком” менен түзүлгөн келишимге ылайык, электрондук кол тамгаларды берүү боюнча күбөлөндүрүүчү борбор болуп таанылды. 

“Электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи май, Октябрь райондору, Ош шаары жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча салык органдарынын Бирдиктүү терезесинен алууга болот”,- деп айтылат Салык кызматынын маалыматында. 

Электрондук кол тамганы алуу менен салык төлөөчүлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу салык отчетторун жана декларацияларды тапшыруу үчүн “жеке салык кабинетин” жана башка мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат.

Тэги: электронная подпись Кыргызстан налоговая налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу