Садыр Жапаровдун Индияга иш сапарынын алкагында бизнес-форум өтөт

19.12.2021, 15:11 Акчабар
Садыр Жапаровдун Индияга иш сапарынын алкагында бизнес-форум өтөт

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нью-Делиде өткөн "Индия-Борбордук Азия" Диалогунун алкагында Индиянын "THDC India Limited", "Rail Vikas Nigam Limited" , БРИКС Соода-өнөр жай Палатасы, "Power Engineering Pvt Ltd" , "Generation Next Group" ж.б. мамлекеттик жана жеке компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда министр өлкө жетекчилиги тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду, ошондой эле Кыргызстанга инвестициялоонун бир катар артыкчылыктары тууралуу айтып, муну менен индиялык ишкерлерди республиканын экономикасына инвестиция салууга чакырды.

Бул контекстте жеңилдетилген салык режимдери, Кыргызстандын ДСУга жана ЕАЭБге мүчөлүгү ж.б.белгиленди. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Тараптар ошондой эле гидроэнергетика, саламаттык сактоо жана транспорт-коммуникация тармагындагы конкреттүү долбоорлорго өзгөчө басым жасоо менен экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эки өлкөнүн потенциалын талкуулашты. Президент Садыр Жапаровдун Индияга боло турган иш сапарынын алкагында бизнес-форум өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Ошондой эле аталган компаниялардын өкүлдөрү кыргыз-индия бизнес-форумун уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катыша тургандыгы боюнча макулдашышты.

Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар жүгүртүү 39,5 млн долларды, Индиядан келген инвестиция 687 миң долларды түздү.

Тэги: Индия Кыргызстан взаимное сотрудничество экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу