Кыргызстанда 1,2 миң электр тирөөч курулат

27.12.2022, 10:45 Акчабар
Кыргызстанда 1,2 миң электр тирөөч курулат

CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстанда 1 миң 243 электр тирөөч курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн 500 кВ линиянын узундугу 456 чакырымды түзөт.

“Бүгүнкү күндө төмөнкү курулуш иштери бүткөрүлдү: 1 миң 217 (97,9%) тирөөчтөрдүн курулуш объектилерине кирүүчү жолдор курулуп, 1 миң 217 (97,9%) тирөөчкө фундаменталдык чуңкурлар казылды, 1 миң 202 ( 96,7% тирөөчтөр темир-бетондолду, 969 (тирөөчтөрдүн 78%ы орнотулду, электр зымдары - 83,9 км (18,4%)). Бардыгы болуп 1243 электр тирөөчтөрү курулат”, - деп белгиледи министрлик.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда CASA-1000 долбоорунун алкагында “Датка” көмөкчордонуна 500 кВ көмөкчордон курулууда.

Аталган үч облуста инфраструктуралык объектилерди курууга адистерди мобилизациялоо үчүн 6 курулуш базасы курулган.

Тэги: новости Кыргызстана Минэнерго CASA-1000

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу