Аймактарда ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу пландалууда

21.11.2022, 11:24 Акчабар
Аймактарда ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды. 

Министр Алмаз Бакетаевдин айтымында, бул маселе Экономика министрлиги менен талкууланууда. Бул борборлор эң мыкты стартаптарды, бизнес-долбоорлорду карап, тандап алып, долбоордун авторлоруна укуктук маселелер боюнча кеңеш берип, финансылык сабаттуулукка үйрөтүп, ал тургай долбоорлорду каржылайт деп болжолдонууда.

Ошондой эле, мындай борборлор бизнес-долбоорлорду иштеп чыгып, аларды ишке ашырууга каржылык мүмкүнчүлүгү барларга сунуштаары күтүлүүдө. 

Бакетаев жаштардын көбүнүн стартаптар боюнча жакшы идеялары бар экендигин, бирок аны ишке ашырууга эч кандай жол жок экенин белгиледи. Анын айтымында, банктар күрөөсү, кредиттик тарыхы жана башка нерселерден улам жаштарга насыя бербей жатат. Ошондон улам, мындай борборлорду түзүү зарылдыгы келип чыкты. 

Учурда министрдин айтымында, мамлекет Баткен облусуна артыкчылык берип, бул багыттагы бир катар долбоорлорду каржылоого каражат бөлүнгөн. Бирок, азырынча калктын каржылык сабаттуулугу жоктугунан бул демилгелерди ишке ашыруу аксап келет. 

 

Тэги: новости Кыргызстана предпринимательство стартапы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу