Өлкөдө кумшекердин баасы өсүүдө

17.11.2021, 15:22 Акчабар
Өлкөдө кумшекердин баасы өсүүдө

Кыргызстанда 16-ноябрга карата кумшекердин баасы республика боюнча орточо эсеп менен 1 килограммы 68,95 сомду түзүп, былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу дээрлик 15 сомго же 27%га кымбаттады, деп жазды Улуттук статистика комитети.

Кара-Суу, Ноокат, Баткен жана Оштун тургундары үчүн кумшекер эң кымбат, килограммы 73,7 сомдон 76,48 сомго чейин. Мында кумшекердин минималдуу баасы Кербен шаарында - 65 сом, Каракол шаарында - 65,15 сом жана Токмок шаарында - 65,39 сом болууда.

"Ноябрь айында өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баасы 1,2 сомго же 1,8%га кымбаттады", - деп билдирди статистика башкармалыгы.

Ведомство баса белгилегендей, ушул жылдын өткөн айына салыштырмалуу кумшекерге болгон баанын эң көп өсүшү Кара-Сууда - 7,1%га, Балыкчы жана Баткенде - 4,5%га катталган.

 

Тэги: сахар Кыргызстан потребительские цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу