Сузак районундагы селдин кесепетинен 446 турак үй жабыркады

23.07.2021, 09:32 Акчабар
Сузак районундагы селдин кесепетинен 446 турак үй жабыркады

Сузак районунда жүргөн селдин кесепетинен 446 үй жабыркаган, анын ичинен 118 турак-жай толугу менен суу алдында калган.Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиясынын чечимине ылайык, 46 турак үй жашоого жараксыз деп табылды. 

Аймактарга жасаган жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чангыр-Таш айылына барды.

"Табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек. Кыргыз Республикасы көптөгөн жаратылыш кырсыктарына дуушар болгон тоолуу өлкө. Качанга чейин анын кесепеттерин жоёбуз. Биз табият кырсыктарынын алдын алуубуз керек. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери ар тараптуу жүргүзүлүшү керек. Тапкан-ташыганынан заматта айрылган карапайым адамдардын азап чегип жаткандыгы өкүнүчтүү", - деп белгиледи Улукбек Марипов. 

Марипов бардык жабыркагандарга мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлүп, КР ӨКМнин кошумча күчтөрү жана атайын техникалар тартыларын билдирди.

Сузак районунда 20-июлда узак мөөнөткө созулган нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен дамба жарылып, айылдагы турак үйлөр, оорукана, мектеп, ошондой эле бала бакча суу астында калган. Министрлер кабинетинин башчысы кыска мөөнөттө дамбанын көлөмүн кеңейтип, аны бекемдөө керектигин, анын ичинде селдин нугун буруу үчүн атайын курулманы куруу мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгиледи.

Тазалоо жана келтирилген зыяндарды аныктоо иштери уланууда.

 

Тэги: Улукбек Марипов селевые потоки Сузакский район

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу