Сертификаты жок Кыргызстандын жаңгагын Орусияга алып кирүү аракети токтотулду

16.01.2023, 10:17 Акчабар
Сертификаты жок Кыргызстандын жаңгагын Орусияга алып кирүү аракети токтотулду

Россельхознадзордун Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Кыргызстандын 22 тонна жаңгагын алып кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, жаңгактарды жараксыз фитосанитардык сертификаттын коштоосунда алып келүү аракети болгон.

Маалым болгондой, аталган ведомство январь айынын башынан бери Казакстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан алынып келинген 2 миң 113 тонна продукцияга карата карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзгөн.

“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорттук карантиндик продукциянын көлөмү 49%га өстү. Продукциянын негизги көлөмүн жашылча (1 миң 148,2 тонна) жана жемиштер (943,1 тонна) түзгөн. Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча ведомство Россия Федерациясынын аймагында андан ары сатуу үчүн 291,3 тонна карантинге алынган продукцияны эркин жүгүртүүгө чыгарды”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости Кыргызстана экономика экспорт Россельхознадзор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу