Казакстан бийлиги коронавирус менен күрөшүүгө 9 млн $ бөлдү

05.02.2020, 14:30 Акчабар
Казакстан бийлиги коронавирус менен күрөшүүгө 9 млн $ бөлдү

Казакстандын бийлиги коронаывирус менен күрөшүүгө 3.5 млрд теңге (9 млн долларга жакын) каражат бөлдү. Бул тууралуу Kapital.kz порталы билдирди.  

«Өкмөт тараптан бөлүнгөн каражатка керектүү медициналык жабдыктар, беткап, тепловизор алынат. Каражатты Саламаттыкты сактоо министрлиги өзү көзөмөлгө алат», – деп билдирди Алихан Смаилов. 

Смаиловдун билдиргенине караганда, кошумча каражаттар Кытайдан келген казак жарандарына байланыштуу бөлүнгөн. Буга чейин маалым болгондой, Казакстан Кытайдын Ухань шаарынан өзүнүн 83 жаранын алып чыгып кеткен. Андан сырткары, кытай бийлиги Ухандан 24 чет элдик, 18 кыргызстандык, 5 Белорусиянын, 1 Армениянын жарандарын  эвакуацияга алган. Кыргызстандыктарды атайын борт менен Бишкекке жөнөтүлгөн. 

Буга чейин коронавирус менен күрөшүүгө бийликтен 1.5 млрд доллар бөлүнгөн. 

Тэги: коронавирус защита от эпидемии РК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу