2020-жылы Казакстанда пайдаланууга берилген турак-жайлардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Казакстандын экономика министрлигинин сайтында маалымдалат.
Казакстандын 2020-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчү тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Руслан Даленов өкмөттүн жыйынында билдирди.
«2020-жылы 15.3 млн квадрат метр турак-жай пайдаланууга берилген. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 16.8% көп», — деп билдирди Даленов.
Кошумчалай кетсек, Нур-Султан шаарында 1.7 эсеге көбөйгөн.