Орусияда эми доллар жана евродон башка бардык валютаны сатып алууга болот

20.05.2022, 09:09 Акчабар
Орусияда эми доллар жана евродон башка бардык валютаны сатып алууга болот

Борбордук банк 20-майдан тарта доллар жана евродон башка чет элдик валютаны жарандарга сатууга чектөөнү алып салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

АКШ долларынан жана евродон башка валюталарды чектөөсүз сатууга уруксат банктарда чет элдик банкноттордун калдыктары бар экендигине байланыштуу. АКШ доллары менен еврону накталай сатууга учурдагы чектөөлөр сакталууда.

"Ушул жылдын 9-сентябрына чейин жарандар 2022-жылдын 9-апрелинен баштап банктардын кассаларына түшкөн АКШ доллары менен еврону гана сатып ала алышат", — деп түшүндүрөт Россия банкы.

Буга чейин мындай чектөөлөр накталай валютанын бардык түрлөрүнө карата колдонулчу.

Тэги: Центробанк РФ иностранная валюта доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу