Кыргызстан жана Казакстандан 390 тоннадан ашык айыл чарба продукциясы Орусиянын аймагына киргизилген жок. Бул тууралуу Россельхознадзор билдирди.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 5-июлунан 13-июлуна чейин фитосанитардык тобокелдиги жогору 280 тонна дарбыз, 40 тонна пияз, 40 тонна мөмө-жемиш жана 30 тонна башка азыктарды алып кирүүгө уруксат берилген эмес.
Ошондой эле, продукциялар ташылып жеткирүү документтерине дал келбеген, ишенимсиз маалыматтарды камтыган жараксыз фитосанитардык сертификаттар менен коштолгон.