Шамалды-Сай айылынын төрт көчөсүнө асфальт төшөлөт

21.01.2022, 14:45 Акчабар
Шамалды-Сай айылынын төрт көчөсүнө асфальт төшөлөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай айылынын төрт көчөсүнө бир эле мезгилде асфальт төшөлөт. Тиешелүү тендердик табыштама мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.

Алсак, Достук айыл аймагы Шамалды-Сай айылындагы төрт көчөнү бирден асфальттоо үчүн тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 10 млн 489 миң сомду түзөт. Табыштамада төмөнкүлөрдү жасоо каралган:

  • Фрунзе-1 көчөсү - 1 млн 477,4 миң сом;
  • Кулатов, Фрунзе-1 көчөлөрүнө - 5 млн 483,3 миң сом;
  • Фрунзе-2 көчөсү – 2 млн 47,8 миң сом;
  • Осмонов көчөсү – 1 млн 480 миң 597 сом.

Арыздар 4-февралга чейин кабыл алынат, ишти бүтүрүү үчүн үч ай убакыт берилет.

Тэги: госзакупки ремонт улиц

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу