Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Жумгал районунун Лама айылына 100 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылды.
Тендердин жалпы суммасы 86 миллион 259 миң 540 сомду түзөт.
Бул каражатка подрядчы 645 чарчы метр мектеп курууга тийиш. Футбол, баскетбол жана волейбол аянтчаларын камтыган спорттук аянтчасы да болушу керек.