Быйыл тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 211,6 млрд сомду түздү

27.10.2022, 09:25 Акчабар
Быйыл тогуз айда мамлекеттик бюджеттин кирешеси 211,6 млрд сомду түздү

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 211 миллиард 615 миллион 623,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетто берилди.

Бюджеттин кирешелеринин негизги бөлүгүн салттуу түрдө салыктык кирешелер түзөт. Алар 77,2%ды, же 163 млрд 378 млн 365 миң сомду түздү. Ошол эле учурда алардын көбү Мамлекеттик салык кызматы тарабынан, тактап айтканда 110 миллиард 482 миллион 877 миң сом өндүрүлгөн. Каралып жаткан мезгилде Мамлекеттик бажы кызматынын бюджетке салымы 52 миллиард 895,5 миллион сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, сентябрь айында мамлекеттик казынага түшкөн киреше 26 миллиард 727 миллион 643,4 миң сомду түзсө, анын 19 миллиард 728,2 миллион сому салыктан түшкөн.

Тэги: новости Кыргызстана экономика бюджет деньги доходы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу