Сентябрга республикалык бюджетте Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 4 миллиард 329,7 миллион сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Август айында мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджетте 1 миллиард 702 миллион 236 миң сом каралган. Ошентип, ушул айда карызды төлөөгө кеткен чыгымдар 2,5 эсеге, же 2,6 млрд сомго көбөйөт.
Кошумчалай кетсек, бул жылдын июль айынын аягында мамлекеттик карыз 5 миллиард 213,04 миллион долларды, же 433 миллиард 589,72 миллион сомду түзгөн.