Улуттук банктын маалыматына ылайык, сентябрда кыргызстандыктар коммерциялык банктардагы депозиттерге 70 миллиард 268 миллион 245,6 миң сом салышкан.
Бул бир ай мурунку көрсөткүчтөн 9 миллиард 950,6 миллион сомго көп.
Анын ичинен 92,3% талап кылынган депозиттер боюнча акча. Калган 5 миллиард 361,6 миллион сом үч жылга чейинки жана андан ашык мөөнөттөгү депозиттерге бөлүнгөн.
Жеке адамдар үчүн талап кылынган эсептердеги каражаттарды кошпогондо эң популярдуу болуп 1 жылдан үч жылга чейинки жана 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө депозиттер саналат.