Сентябрь айында Жогорку соттун чыгашасы 285 миллион 903,9 миң сом түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чыгашалардын 76,2%ы же 217 млн 989,2 миң сому эмгек акыны төлөөгө кеткен. Айлык акыга сарпталган каражат август айына салыштырмалуу 45,04%, ал эми соттун жалпы чыгымдары 45,3%га өскөн.
Буга кошумча, Жогорку соттун имараттарга, машиналарга жана жабдууларга кеткен чыгымдары да бар. Алсак, сентябрь айында имараттар менен курулмалардын баасы 10,3 миллион сомду түзүп, август айына салыштырмалуу 2,75 эсеге өскөн.
Ал эми машиналарды жана жабдууларды сатып алууга кеткен чыгым август айына салыштырмалуу 13 миллион 328,9 миң сомду же дээрлик 160 миң долларды түзүп, 497 эсеге өскөн.