Активдерди легалдаштыруу жана мунапыс берүү мыйзамы күчүнө кирди

20.06.2023, 15:28 Акчабар
Активдерди легалдаштыруу жана мунапыс берүү мыйзамы күчүнө кирди

Президент Садыр Жапаров “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында кабарланды.

Мыйзам 2023-жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сунушталган мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө төмөндөгүлөр аркылуу тартууга багытталган:

  •  активдерди декларациялоо учурундагы абалы боюнча жеке жактарга таандык, анын ичинде башка адамдарга номиналдуу катталган жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү;
  • Кыргызстандын экономикасына ички жана тышкы инвестициялардын көбөйүшү;
  •  көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу;
  • активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган өздөрүнө таандык болгон активдерди ыктыярдуу декларациялоого чейинки мыйзамдардын талаптарын бузулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан куугунтуктоодон коргоо.

Ушул мыйзам төмөнкү активдерге карата колдонулбайт:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөгү чектелген же жүгүртүүдөн алынган;
  •  Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары жерлерде ушул мыйзам колдонууга киргизилген учурга карата аларды конфискациялоо же башка адамга өткөрүп берүү жөнүндө соттун күчүнө кирген чечими колдонулган, ошондой эле соттук кароонун предмети болуп саналган мүлккө.

Ошондой эле бул мыйзамдын колдонулушу террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук талаптарды аткарууга, анын ичинде бул чөйрөдө эл аралык жана ведомстволор аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт.

Тэги: экономика новости Кыргызстана легализация активов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу