"Чакан ГЭС" ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Тактап айтканда, Нурлан Садыков Чакан ГЭСтин башкы директору болуп шайланды. Ал эми Эмил Мухамбетов, Улан Астаркулов жана Канатбек Суранбаев башкы директордун орун басарлары болуп дайындалды.
Эске салсак, Энергетика министрлиги компаниянын жалгыз акционери болуп саналат, кызматка дайындоо боюнча чечим да министрлик тарабынан кабыл алынат.