"Дос-Кредобанк" ААКнын Директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Тактап айтканда, Бакыт Нариман уулу, Кармен Оганян жана Рустамбек Тагаев банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп төрт жылдык мөөнөткө шайланышты.
Ошондой эле, Гүланда Нурмолдоева менен Гүлчехра Камчыбекова бир жылдык мөөнөткө банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болушту.