Борбор калаада акысыз автобустар жарандарды ташууну улантууда

04.06.2021, 11:50 Акчабар
Борбор калаада акысыз автобустар жарандарды ташууну улантууда

Бишкекте автобустар элди акысыз ташууну улантышууда, ошондой эле борбордун муниципалдык коомдук транспорту күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар № 100 маршрутка менен катташат. "Алга" футболдук клубунан 18 орундуу автобус жана "Оптима Банктан" келген унаа № 214 маршрут менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. № 240 каттамда Батыш автобекетинен эки автобус жана Мадина базарынан эки автобус убактылуу иштеп жатат. Шаар тургуну берген № 211 маршрутка боюнча да автобус бар. Ахунбаев көчөсү, Чүй жана Манас проспектиси, Байтик Баатыр көчөсү боюнча борбор калаанын активисттеринен төрт автобус алынып келинүүдө.

Эске салсак, 2-июндан баштап маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, линияга чыгышкан эмес. Алар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда.

Тэги: Бишкек автобусы бесплатный проезд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу