“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 1-ноябрындагы жарлыгын аткаруу иретинде кабыл алынган.
“Бишкек-Сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоору Бишкек шаарын көрктөндүрүүгө жана анын эл аралык, чет элдик жана финансылык түзүмдөр жана инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатууга, Бишкек шаарынын туристтик потенциалын натыйжалуу пайдалануу үчүн заманбап бизнестин, финансылык жана туристтик инфраструктуранын динамикалуу өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле борбордун калкы жана меймандары үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизимин кеңейтүүгө жана анын сапатын жакшыртууга багытталган", - деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген маалыматта.
Буга катар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу жүктөлдү.