Керектөө бааларынын эң жогорку өсүшү Кыргызстанда катталды

22.02.2022, 17:11 Акчабар
Керектөө бааларынын эң жогорку өсүшү Кыргызстанда катталды

ЕАЭБ боюнча керектөө бааларынын индекси үстүбүздөгү жылдын январында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 101%ды түздү. Ошондой эле, 2021-жылдын январына салыштырмалуу 108,9%ды түздү. Мындай маалыматтарды Евразия экономикалык комиссиясы билдирет.

Андагы маалымат боюнча, керектөө бааларынын эң көп өсүшү Кыргызстанда катталган. 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу 11,2%ды түздү. Бул азык-түлүк товарларына - 12,8%га, азык-түлүк эмес товарларга - 9,7%га, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө - 7,8%га өсүшү менен шартталган.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айында 2021-жылдын январына карата ЕАЭБ боюнча азык-түлүк товарлары 11,1%га кымбаттаган.

Тэги: ЕЭК ЕАЭС потребительские цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу