Атазов: Сузакта завод түрк инвесторунан тартып алынды

19.05.2023, 14:09 Акчабар
Атазов: Сузакта завод түрк инвесторунан тартып алынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана Түркиядан келген инвестордон тартып алынды. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү белгилегендей, бул тууралуу ал ушул жылдын декабрь айында парламенттин трибунасынан айткан. Андан бери 6 ай өттү, бирок укук коргоо органдары рейдерлерди таба элек.

"Ал ортодо ишкер коңшу Өзбекстанга көчүп кеткен. Ал жерден ага 100 миң гектар жер бөлүнүп берилген. Азыр аларга мөмө-жемиштерди отургузууда", - деди депутат.

Депутат Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, инвесторду тез арада кайтаруу өтүнүчүн келтирди.

Тэги: новости Кыргызстана рейдерский захват Шайлообек Атазов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу