Свердлов районунда салык төлөбөгөндөргө рейд жүрүүдө

04.11.2022, 12:30 Акчабар
Свердлов районунда салык төлөбөгөндөргө рейд жүрүүдө

Свердлов районунун акимчилигинин адистери менен Мамлекеттик салык кызматынын райондук бөлүмүнүн инспекторлору соода борборлордогу, базарлардагы ишкерлерди текшерүүдө. Адистер салыктык каттоого алууну жана салыктарды төлөө маселеси боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу жана резервдерди аныктоо иштери жүрүүдө.

“Быйыл 31-октябрдан 1-ноябрга чейин ЦУМ соода борборунун имаратында жайгашкан 130дан ашык соода орундары текшерилди. Текшерүү учурунда салыктарды төлөбөй коюу, салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган жок. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте тийиштүү чаралар көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Бул багыттагы иштер уланууда. 

Тэги: новости Кыргызстана рейды налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу