Бишкектин Свердлов районунда 1 млрд сомдон ашык салык жыйналды

25.10.2022, 10:06 Акчабар
Бишкектин Свердлов районунда 1 млрд сомдон ашык салык жыйналды

Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыгы менен ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан тогуз айда жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 709 миллион сом салык жыйналды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов акимиатында кирешелер боюнча штабдын кезектеги жыйыны өтүп, анда бюджеттин киреше бөлүгү талкууланды.

“Райондук кызматтардын жетекчилерине пландын аткарылышын камсыз кылуу, кошумча салыктык түшүүлөрдү табуу аркылуу райондун салык базасын кеңейтүү жана салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: новости Кыргызстана налоги Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу