Таласта вирусологиялык лаборатория ачылды

23.01.2022, 17:26 Акчабар
Таласта вирусологиялык лаборатория ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында COVID-19 аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты

Лабораторияны кыдыруу учурунда белгиленгендей, заманбап ПЧР-лаборатория алдыңкы жабдуулар менен камсыздалып, суткасына 800 чейин анализди талдап чыгууга даяр. 

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, мындай лабораториялар республиканын бардык аймактарында ачылышы керек. 

Өз кезегинде Талас шаарынын тургундары жана лабораториянын кызматкерлери вирусологиялык лаборатория ишке берилген соң, COVID-19 дартын аныктоо оңой болоорун билдиришти, анткени буга чейин анализдер Бишкекке жөнөтүлүп турчу. Буга байланыштуу коронавирус инфекциясын аныктоо ыкчамдыгы төмөн саналчу.

Ошондой эле жакын арада лабораториянын профили башка бир катар лабораториялык иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча кеңейтилээри белгиленди.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу