"Унаа" мамлекеттик мекемеси Таласта автоЦОН ачты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
250 чарчы метр аянтты ээлеген автоЦОН аймактагы калкты тейлөө борборунун башкы имаратында жайгашкан. Оңдоо иштери 2020-жылдын декабрь айында башталып, беш айда бүттү.
Жаңы сектор калкка автоунааны каттоону, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү, экзамендерди тапшырууну жана башка кызматтарды жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН:
Кыргызстанда "Унаа" мамлекеттик мекемесинин 26 бөлүмү бар.
2020-жылдын 1-сентябрында Бишкекте биринчи автоЦОН ишке кирген.
12-апрелден баштап Кара-Балта шаарында автоЦОН иштей баштады.
Каракол шаарындагы автоЦОНду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.