Таласта 349 жыгач тирөөч темир-бетонго алмаштырылат

18.04.2024, 16:49 Акчабар
Таласта 349 жыгач тирөөч темир-бетонго алмаштырылат

2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Талас облусунун Манас районунун электр энергиясы менен камсыздоо инфраструктурасын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“НЕСК” ААК филиалы – “Манас” электр бөлүштүрүү зонасы райондун энергетикалык системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында оңдоо иштерин баштады.

Долбоордун алкагында 349 жыгач тирөөчтү ишенимдүүрөөк темир-бетонго алмаштыруу каралган. Узундугу 276,14 км болгон 10 кВ аба электр чубалгыларынын жалпы санынын 37 км 575 метри капиталдык оңдоодон, 238,5 км техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт. Мындан тышкары, 5,5 км 10 кВ аба чубалгылары реконструкцияланып, анын жүрүшүндө 119 жыгач мамылар темир бетонго алмаштырылат.

Ошондой эле, жалпы узундугу 353,98 км болгон 0,4 кВ аба линияларында иштер пландалууда: 37,17 км капиталдык оңдоодон, 315,8 км профилактикалык оңдоодон өткөрүлөт жана 230 жыгач тирөөчтөрдү темир-бетонго алмаштыруу менен 9,8 км линия реконструкцияланат. 

“Манас” электр бөлүштүрүүчү зонасында кубаттуулугу 10/0,4 кВ болгон 169 трансформатордук көмөкчордондор иштейт. Анын ичинен 24 трансформатор оңдолуп, 120сы техникалык тейлөөдөн өтүп, эки трансформатордун кубаттуулугу 100 кВАдан 160 кВАга чейин көбөйтүлөт. 

Тэги: новость экономика Кыргызстана НЭСК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу